Кыргызча Эне Тил Жонундо Ырлар

Posted on

Эне тил жонундо ырлар текст. Подписка на этот форум. Friend request form. Физика жонундо лирикалар цитаталар ырлар. 23 мая 2018 года. Музыка жонундо цитаталар ДОМ И СЕМЬЯ. Название: суйуу жонундо ырлар кыргызча создун тексты менен - слушать Автор: ridebmx05 Издательство: A Melanie. Проход по ссылкам навигации Главня: Ата эне жонундо ырлар,лирикалар. Кыргызча эне жонундо лирикалар - All-sms.com 1 Май 2014. 1992-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-техникалык факультетин аяктаган.

Кыргызча Эне Тил Жонундо Ырлар

Балыкчы шаарындагы №8 «Ак тилек» бала бакчасынын жогорку тобунда ө т ү лг ө н ачык сабактын конспектиси Сабактын максаты: Балдарга кыргыз тилинин улуулугун, ыйыктыгын, тил тарыхыбыздын негизги куралы экендигин түшүндүрүү. Балдардын сөз байлыгын, сүйлөө речин, эске тутуусун, көркөм айтуусун калыптандыруу.

Эли-жерин сүйүүгө, өз тилин сактай, барктай билүүгө, эстетикалык табитин өстүрүүгө тарбиялоо. Күтүлүүчү натыйжа: Балдар мекенин, эли-жерин, эне тилин сүйүүгө үйрөнөт, экологиялык тарбия алат. Керектүү материалдар: Китептер, сюжеттүү сүрөттөр, стол үстүндөгү театр, кыргыздын улуттук буюмдары, улуттук тамак-аштар, түстүү кагаздар, камыр, пластилин, түстүү боектор, түстүү калемдер, курулуш материалдары, ак барактар. Ауэр моя школа игры на скрипке читать. Сабактын жүрүшү: Саламатсыңарбы коноктор! Саламатсыңарбы балдар! Биз силер менен бүгүн «Эне тилим — эне сүтүм» деген темада сабак өтөбүз.

Страница 1 из 4 - 'Сиз жонундо 4 сап ыр'. Стрелкадан узунду. - отправлено в Ак ДОСТОРкон: 'СИЗ. Масала кыргызча whatsapp жонундо. Эне тил 3 класс. Кыргызча макалдар, ырлар. Азиз Жетигенов - Эне колу МК Кыргыз ырлар. 'Эрнест Борубаев - Сиз жонундо' Кыргыз ырлар МК. Валентина Кочур - Гадание Марфы из оперы 'Хованщина. Ретро җырлар Равил Галиев - Төнбоеклы күл. Нурмат Садыров - Жан Апам / Кыргызча хит ырлар 2016. Омар - Булбул » Кыргызча ырлар! Песни кыргызских исполнителей. Аида,Дж.Верди.Дуэт Амнерис и Аиды(Амнерис - Валентина Кочур). Кочура Иван ft.

Ырлар

Кыргыз тили байыркы тилдердин бири, ал далай кы­лымдарды басып өттү. Биз эне тилибизди барктап, аны терең үйрөнүшүбүз керек, анткени ал биздин ата-бабабыздан калган мурасыбыз, байлыгыбыз. Актан, Акылай: Саламатсыңарбы, биздин кичинекей достор!

Актан: Биз бүгүн «Ак тилек» бала бакчасында кыргыз тил сабагы болуп жатат деп конокко келдик. Силерге ырларды, табышмактарды ала келдик.

Акылай: Кыргызстан – жашыл жери, жашыл бакча жергеси. Жайыт тору, дан талаасы, сан байлыктын энеси. Кен казнасы, көл сулуусу, тунук суунун атасы.

Ак пейилдин, мартчылыктын, ырыскынын кемеси. Актан: Кыргызстан – соолук айылы, таланттардын эшиги, Тунук акыл, чебер көлдүн түгөнбөгөн кесиби. Заманына, өз калкына ой-пикири санаалаш. Кыргызстан – ыр калаасы, ырахаттын бешиги. Актан: Акылай, кел эми, балдардан сурайлычы, кандай ырларды билишет экен? Акылай: Кана, биздин кичинекей достор. Мекенибиз, биздин эне-тилибиз жөнүндө кандай ырларды билесиңер?

Поощрении

Кылычын карап от чачып Кызыгып кимдер келген жок. Кыргында жанын берсе да Кыргызым тилин берген жок.

Кыргыз тилин өзүм сүйүп үйрөнгөм Мурунтадан ата-бабам сүйлөгөн. Сен бар кезде мен тирүүмүн, мен бармын, Сен жоголсоң мен жоголом дүйнөдөн. Чыңгызымдын жат тили Кылымдарды сапырган, Доорлорду батырган Ырдап бүткүс таңы бар. Бирге жүрсөм кыргыз тилин кадырлайм, Бул тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм. Башка тилди жандай жакшы көрсөм да, Өз тилимди сүйгөнүмдөн жаңылбайм.

Энең берген эне тил, Эне тилди жакшы бил. Атаң айткан алтын тил Ата тилин жакшы бил. Акылай: Рахмат менин кичинекей досторум, азаматсыңар. Актан: Акылай, бул балдар макал-лакап билет бекен сурайлычы (шыбырап) Акылай: Балдар, силер макал-лакаптарды билесиңерби? Актан: Анда эмесе айткылачы. Адамды даңазалаган да сөз, маскаралаган да сөз.

Адам сөзүнөн сынат, уй мүйүзүнөн сынат. Бирөөнүн өзү баатыр, бирөөнүн сөзү баатыр. Аз сүйлөсөң элиңе жагасың, көп сүйлөсөң балээге каласың. Ата сөзү алга сүйрөйт адамды. Эне сөзү эпке салат жаманды.

Ооздун көркү – тил, тилдин көркү сөз. Адам сөзгө байланат. Айбан чөпкө байланат. Ааламдын көркүн көз ачат.

Адамдын көркүн сөз ачат. — Оомий, балдар, азаматсыңар, силер чын эле кыйын турбайсыңарбы. Акылай, чоң атамдын табышмагын айтпайлыкпы. Бул табышмакты таба албай, айлалары кетсин. Акылай: Анда эмесе балдар, биз си­лерге табышмак айталы. Жакшылап ойлонуп туруп жандырмагын тапкыла. Манаска жүргөндөй аралаш, Маанисиз көпкө карабас, Ал жомокчу атаңдын Атын билбесең жарабас.

(Саякбай) Актан: Оомийин! Балдар, силер чын эле кыйын экенсиңер, табышмакты таптыңар, анда эмесе дагы кандай өнөрүңөр бар, көрсөткүлөчү? Манастан үзүндү айтылат. Бала Манас Күндөп-түндөп күн өттү, Күн мезгили да жетти. 7ге жашы келгенде, Шер экени билинди. Балага чуркап шашпады. Калайманды баштады 8ге жашы келгенде Күйүп турган чок болду Кырк үйлүү кыргыз ичинде, Мындай тентек жок болду.

Манастын уулу Семетей Манастын уулу Семетей Ары балбан, ары шер Атасынан артык эр Ат арытып жер чалып, Ит агытып куш салып Кызыл буурул ат минип Кыл куйругун шарт түйүп Ат аябай жол жүрдү. Ала-Тоону кыдырып Аттанып чыкты Таластан. Акылай: Азаматсыңар, менин кичинекей досторум. Актан, сага балдардын жооптору жактыбы?

Актан: Ооба, азаматсыңар балдар, рахмат силерге. Акылай, жүрү тез, биз да чоң атага айтып барып кубанталы.

Акылай: Биз да кете турган убакыт келди. Саламатта калгыла, балдар! Саламатта калгыла, биздин кичинекей достор. Тарбиячы: Азаматсыңар балдар, силер чарчадыңар көрүнөт. Дене тарбиялык көнүгүүнү аткаралы. Тыныгуу: Бир, эки, үч Турабыз түз Муштумдарды түйөбүз Оюн, жайын билебиз.

Бирде оң кол менен Бирде сол кол менен Алмей-тилмей урабыз. Бир орунда турабыз. Чаалыкканда токтойбуз Боксерлорго окшойбуз. Эми балдар, биз борборлорго бөлүнөбүз. Изилдөө борборунда: улуттук буюмдар менен таанышасыңар.

Улуттук суусундук жарманы кантип даярдайбыз? Ата-бабаларыбыз талканды кантип даярдашкандыгын көрүп үйрөнөбүз. Жаргылчак менен таанышабыз.

Искусство борбору: калпактын сүрөтүн тартабыз. Аппликация: Боз үйдү кесип чаптайбыз. Ийлеп чаптоо: Кесени ийлеп чаптайбыз.

Курулуш борбору: Жайлоо Адабият борбору: Кыргыз эл жомогу: «Алданган карышкыр» Балдардын иштеген ишин баалоо. Оюн: «Сөз кутучасы» Азаматсыңар, карагылачы биз канча буурчак чогулттук, демек, ушунча сөздү үйрөнүптүрбүз. Кийинки сабактарда да ушундай сөздөрдү көп үйрөнөбүз.

Кыргызча Мр3 Скачать

Тилиң – тарых, тилиң-кузгу дилиңе. Кимдигиңе тилиң күбө ириде.

Өз тилиңди кадыр тутуп, туу тутуп Өтүүң парыз, бу дүйнөдө, тирүүдө. Тарбиячылар: А.Б.КАРАГУЛОВА, М.Б.СУПАТАЕВА.

“Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт!” Кыргыз тили - кудуреттүү, кереметтүү, сырдүйнөлүү тил эле. Кыргыз тили - тирүү, жандуу, ажайып тил болчу. Эне тилибиз, ушу сапат-сыпаттарын жоготуп баратат.

Кыргыздар эне тилин жарытылуу билбей жансыз, супсак, кунарсыз сөздөрдү колдонуп, сүйлөп калдык. Өзгөчө, соңку муун жаштары! Көркөм кыргыз сөздөрү көөнө сөздөргө айланды. Ушу кенемтени азын-оолак болсо да толтуруу мүдөөсүндө, окурмандарга “Эне тил сырларын” байма-бай тартуулап турмакчыбыз!. Жаа бою качты – жанына жакын жолобой, көргүсү келбей качты маанисинде айтылат.

Сийдиги булут айланды – денеси дүркүрөп, аябай коркту деген сөздүн көркөм айтылышы. Тоодой-таштай киши – эл арасында кадыр-баркы зор адамга карата айтылат.

Күлгө чапкан көтөндөй болду – өтө уят болду, же шылдың болду, ыза-кордук көрдү дегендей маанини камтыган сөз. Ардыккандан айттым – ардангандан, намыстангандан айттым маанисин билдирет. Согончогу канабайт – балалуу болбогон, төрөбөгөн аялга карата айтылат. Чамгарактап турат – көөп, көзүнө эчтеме көрүнбөй, жанкишини тоготой турат маанисинде сүйлөнгөн сөз. Кээде, көңүлү көтөрүлүп, өтө кубанып дегенди да туюндурат.

Чакырып урган иттей кылдың – алдап чакырып алып жемелөө, ыза кылуу маанисин туюндурат. Даярдаган Эрен САЯКТЕГИН, 2 1- ноя брь 201 3-ж.